«КРСУнун Жарчысы» маалымат порталы (мындан ары – Портал) «КРСУнун Жарчысы» илимий журналында илимий макалаларды жүктөө, рецензиялоо жана жарыялоо үчүн түзүлгөн. Илимий макалалардын авторлорунун макаланы жарыялоо ишин бир кыйла жеңилдетет: макаланы Редакцияга алып келип тапшыруу, рецензиялоодон өткөрүү, толуктап иштеп чыгуу, Редакциялык коллегиянын корутундусун алуу жана жарыялоо.   

Портал өзүнүн колдонуучуларына «КРСУнун Жарчысы» журналына жарыялоо максатында, өздүк статьяларын жүктөөгө (мындан ары - «Чыгармалар»), Порталдын архивинен илимий чыгармаларды  издөөгө, карап чыгууга, жүктөп алууга жана бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.

Портал (https://vestnik.krsu.edu.kg) – бул «КРСУнун Жарчысы» илимий журналынын маалыматтык ресурсу, анын ээси жана оператору болуп Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемеси Кыргыз-
Россия Славян университети эсептелет.

Портал  «КРСУнун Жарчысы» илимий журналында жарыяланган илимий макалалардын  маалымат базасы (каталог)  болуп эсептелет, бул маалымат базасына жеткиликтүүлүк ушул макулдашуунун шарттарында Порталдын колдонуучулары үчүн акысыз.

 

1. Негизги терминдер

1.1. Портал – төмөнкү маалыматтардын жыйындысынан турган интернет ресурс:

а) Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программалар,

б) «КРСУнун Жарчысы» илимий журналында жарыяланган илимий чыгармалар,

в) Порталдын курамына кирген илимий чыгармалардын маалымат базасы (каталог, рубрикатор),

г) Портал боюнча гана маалымат издөөнү ишке ашыруучу локалдык издөө системасы.

1.2. Порталдын администрация – Порталдын ээси/администратору тиешелүү домендик аталышы Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемеси Кыргыз-Россия Славян университети, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана төмөнкү дарек боюнча катталган юридикалык жак: 720000, Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Киев көчөсү  44-үй, e-mail: vestnik@krsu.edu.kg

1.3. Укук ээси  – чыгармаларды (толугу менен же фрагменттерин) пайдалануу укугуна ээ болгон, Порталдын администрациясы менен түзүлгөн келишимдин жана ушул макулдашуунун негизинде Порталдын администрациясына чыгармалардын материалдарын жана аларды пайдалануу укугун берүүчү юридикалык же физикалык жак.

1.4. Порталды колдонуучу – ушул макулдашуунун шарттарында (Порталда каттоодон өткөн, өтпөгөндүгүнө карабастан) Порталды жана анда жайгаштырылган макалаларды пайдалануучу физикалык жак.

1.5. Чыгарма – макаланын автору тарабынан кийин «КРСУнун Жарчысы» илимий журналында жарыялоо максатында жүктөлгөн илимий эмгектин жана коштоочу блоктун тексттин камтыган илимий макаланын  электрондук версиясы. Порталдын колдонуучулары үчүн жарыяланган чыгармаларга жеткиликтүү болуу ушул колдонуу макулдашуусунун шарттарында акысыз болуп эсептелет.

1.6. Порталдын маалымат базасы  – «КРСУнун Жарчысы» журналында жарыяланган чыгармалардын жыйындысы.

2. Порталды колдонууга макулдашуунун статусу

2.1. Ушул макулдашуу Порталды колдонуунун шарттарын, ошондой эле Колдонуучулар менен Администрациянын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

2.2. Ушул колдонууга макулдашуу Колдонуучу менен
Порталдын администрациясынын ортосундагы юридикалык милдеттүү макулдашуу болуп эсептелет, анын предмети Порталдын администрациясы тарабынан Колдонуучу үчүн порталды пайдаланууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп эсептелет. 

2.3. Колдонуучу порталды колдоно баштаганга чейин милдеттүү түрдө Жарыялоо этикасы менен жана ушул колдонууга макулдашуу менен таанышып чыгуусу керек.  Порталдын функцияларын, сервистерин жана материалдарын пайдалануу, анын ичинде жөн эле карап чыгуу фактысы Колдонуучунун ушул Колдонууга макулдашууну жана Жарыялоо этикасын толук жана кынтыксыз кабыл алуусун билдирет.

2.4. Ушул Колдонууга макулдашуу Порталдын администрациясы тарабынан бир тараптуу кандайдыр-бир атайын атайын кабарламасыз өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн. Ушул Колдонууга макулдашуу ачык жана жалпыга жеткиликтүү документ болуп эсептелет, анын колдонуудагы редакциясы Порталда төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: https://vestnik.krsu.edu.kg. Ушул Колдонууга макулдашууга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилгенден кийин Колдонуучу тарабынан Порталды колдонуу улантылса, Колдонуучунун мындай өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кабыл алгандыгын жана  макулдугун билдирет.    

2.5. Ушул Колдонууга макулдашуу менен же ага киргизилген өзгөртүүлөр менен макул болбогон учурда, Колдонуучу Порталды колдонуудан баш тартууга милдеттүү.

3. «КРСУнун Жарчысы» маалымат порталынын администрациясы

3.1. Жалпы Порталга жана Порталдын дизайнын түзгөн бардык объектилерге, Маалымат базасына, тармактык даректи пайдаланууга (домендик аты) https://vestnik.krsu.edu.kg ээлик кылуу укугу Порталдын администрациясына тиешелүү, ал ушул Колдонууга макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызыкдар болгон адамдарга жеткиликтүүлүктү берет.   

3.2.      Ушул Колдонууга макулдашуу менен байланышкан бардык маселелер жана Порталдын иштеши, Порталды пайдаланууда үчүнчү жактардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча жеке адамдардын жана юридикалык жактардын Порталдын администрациясына кайрылуулары, сунуштары жана дооматтары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ыйгарым укук  берилген адамдардын суроо-талаптары  Ушул Колдонууга макулдашуунун 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн  почта дарегине жөнөтүлүшү мүмкүн.  

3.3. Ушул Колдонууга макулдашуунун бир да жобосу Колдонуучуга Порталдын администрациясынын фирмалык аталышын, товардык белгилерин, домендик аттарын жана башка айырмалоочу белгилерин, ошондой эле дизайндын объекттерин жана маалымат базасын пайдаланууга укук бербейт.   Порталдын администрациясынын фирмалык аталышын, товардык белгилерин, домендик аттарын жана башка айырмалоочу белгилерин пайдалануу укугу Порталдын администрациясы менен жазуу жүзүндө макулдашуу боюнча гана берилиши мүмкүн.

4. Порталды пайдалануу

 4.1. Порталды пайдалануу менен Колдонуучу ушул Колдонууга макулдашууга макулдугун берет жана анда көрсөтүлгөн порталдын иштеши жана аны пайдалануу менен байланышкан анда көрсөтүлгөн укуктарды жана милдеттерди кабыл алат.

4.2. Порталдын бардык сервистери жана порталда жайгаштырылган бардык чыгармалар Порталдын техникалык мүмкүнчүлуктөрүнө жараша коммерциялык эмес, жеке пайдалануу үчүн гана арналган.  

4.3. «КРСУнун Жарчысы» журналында жарыялоо максатында Портал аркылуу чыгармаларды жүктөө үчүн, Колдонуучу жеке кабинетин түзүү жана Порталдын төмөнкү кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүү болуу үчүн каттоодон өтүшү керек: өзүнүн жеке маалыматтарын киргизүү жана редакциялоо, жүктөлгөн чыгарма (чыгарманын статусу) тууралуу маалыматтарды карап чыгуу, оңдолгон чыгарманы кайра жүктөө (чыгармага карата Редколлегиянын сын-пикирлери болгон учурда), Порталдын маалыматтарынын электрондук түрүн алуу. Колдонуучу Порталда төмөнкү ыкма менен каттоодон өтө алат:  электрондук формада каттоо бланкын толтуруу боюнча бир катар ырааттуу иш-аракеттерди жүргүзүү, анын натыйжасында катталган Колдонуучу Порталдын кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү ишке ашыруу үчүн (логин жана пароль)  жеке кабинетке жеткиликтүү боло алат.

4.4. Катталган Колдонуучунун жеке маалыматтары менен иштөө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына (же Порталдын администрациясынын редакциясынын конфиденциалдуулук саясатына)  ылайык ишке ашырылат.

Порталдын администрациясы Колдонуучунун Порталдын кошумча маалыматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгат, Порталдын функционалын жана бөлүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле   Порталдын жаңы функционалын жана бөлүмдөрүн иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү  маалыматтарды текшерүүнү, изилдөөнү жана талдоону ишке ашырат. Порталдын администрациясы Колдонуучунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз жеткиликтүү болуудан, өзгөртүүдөн, ачуудан же жок кылуудан коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт. Администрация Порталдын иштешин камсыз кылуу  жана Колдонуучунун Порталга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бул маалымат зарыл болгон Администрациянын кызматкерлерине, подрядчыларына жана агенттерине  гана   Колдонуучунун жеке маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Порталдын администрациясы ушул Эрежелерди аткаруу максатында Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүнү ишке ашыргандыктан, Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүгө анын макулдугу талап кылынбайт.

 5. Чыгармага карата өзгөчө укуктар

5.1. Порталда жайгаштырылган илимий чыгармалар аларга карата укук ээси болгондордун интеллектуалдык менчик объектиси болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот. Колдонуучу Порталды жана анда жайгаштырылган чыгармаларды пайдаланууда укук ээлеринин  өзгөчө жана башка укуктарын сактоого жана сыйлоого милдеттенет. Университет тарабынан Колдонуучуга  чыгарманы жактырылгандыгы жөнүндө кабарлама жөнөтүлгөн учурда Чыгармага карата укук Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемеси Кыргыз-Россия Славян университетине өтөт.

6. Порталда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

6.1. Чыгармаларды, Порталдын элементтерин же Порталдын маалымат базасын Портал тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары көчүрүүгө, кайра иштеп чыгууга, таркатууга, жалпыга маалымдоого, ошондой эле аларды коммерциялык максатта пайдаланууга;

6.2. Маалымат топтоо үчүн автоматташтырылган скриптерди (программаларды, ботторду, краулерлерди жана башка автоматташтырылган маалымат топтоо жана иштетүү технологияларын) жана Порталда жана/же Портал менен өз ара аракеттешүүдө метамаалыматтарды, маалымат базасын жана функционалды колдонууга тыюу салынат. Жогорудагы маалыматтарды Порталдын администрациясы менен жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдашуунун негизинде гана колдонуу мүмкүн.

6.3. Программалык камсыздоону колдонууга жана Порталдын талаптагыдай иштөөсүн бузууга багытталган иш-аракеттерди жасоого.  

6.4. Чыгарманын укук ээлеринин жана авторлорунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз чогултууга жана иштетүүгө.

6.5. Порталдын администрациясы тарабынан берилген интерфейстен тышкары, башка ыкма менен Порталды колдонууга.

6.6. Порталдын администрациясы тарабынан уруксат берилген учурлардан башка,   ошондой эле жеке макулдашулган шартта Портал тарабынан берилген коммерциялык кулактандырууларды жана жарнамаларды жайгаштыруу сервисинин алкагынан тышкары  жарнамаларды жайгаштырууга.

6.7. Кош каттоого турууга тыюу салынат (эки же андан ашык жеке кабинеттин болушу). Мындай фактылар аныкталган учурда Порталдын администрациясы колдонуучуга эскерстпестен туруп, анын эсепке алуу жазуусуна бөгөт коюуга укугу бар.    

7. Порталдын администрациясынын жоопкерчилигин чектөө

7.1. Администратор кандай гана кырдаал болбосун Колдонуучунун же үчүнчү жактардын алдында түздөн-түз, кыйыр, атайылап эмес зыян келтиргендиги, анын ичинде пайдадан кур калгандыгы же жоготуп алган маалыматтар үчүн, Порталды же порталда жайгаштырылган интеллектуалдык менчиктин жайынтыктарын пайдалануу менен байланышкан ар-намысына же ишкерлик кадыр-баркына шек келгендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.

7.2. Порталдын администрациясы Порталда жайгаштырылган чыгармалардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

7.3. Порталдын администрациясы Порталга чыгармаларды жайгаштыруу жана пайдалануудан улам мүмкүн болуучу үчүнчү жактардын өзгөчө укуктарын жана башка укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

7.4. Порталдын маалымат базасына «КРСУнун Жарчысы» журналында жарыяланган гана макалалар киргизилет.   

7.5. Укук ээси Порталга жүктөлгөн чыгармалардын мазмуну, ошондой эле Чыгармалардын маалым даректеринин тактыгы жана тууралыгы үчүн өз алдынча толук  жоопкерчилик тартат. Порталдын администрациясы Укук ээсинин маалым даректерди жана Чыгарманы пайдалануунун шарттарын көрсөтүүдө кетирген каталары жана Укук ээсинин бул каталарынын кесепеттери  үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

8. Корутунду жоболор

8.1. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт. Ушул Колдонууга макулдашууда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чечилиши керек. Ушул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу мамилелерден келип чыккан бардык мүмкүн болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленген тартипте чечилет.     

8.2. Колдонуучу же Укук ээси жана Порталдын администрациясы алардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды жана келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат. Талаш-тартыштарды жана келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда, алар  Порталдын администрациясы  жайгашкан жер боюнча тиешелүү сотто каралышы керек.

8.3. Эгерде тигил же бул себептер боюнча ушул Колдонууга макулдашуунун бир же бир нече жоболору жараксыз же юридикалык күчкө ээ эмес деп табылса, мунун өзү Колдонууга макулдашуунун калган жоболорунун жарактуулугуна же колдонуусуна таасирин тийгизбейт.