РИНЦте катталган

Журнал тууралуу

КРСУнун Жарчысы журналы кеңири  спектрдеги функцияларды аткарат, алар жалпысынан төмөнкүлөр тууралуу маалымат берет:

  • Кыргыз илиминин өнүгүү багыттары жана анын жетишкендиктери, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана дүйнөлүк илимий коомчулукка интеграциялануу деңгээли жөнүндө;
  • КРСУнун жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын жарыялоо боюнча активдүүлүгү жөнүндө; 
  • Авторлордун  жарыялоолору боюнча Кыргызстандын уюмдарынын жарыялоо активдүүлүгү жана рейтинги жөнүндө;
  • Цитаталоо маалыматтары боюнча дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын жарыяланган эмгектерин таануу даражасын жана  деңгээлин баалоо жөнүндө;
  • Тиешелүү предметтик тармакта ж.б. дүйнөлүк басылмалар менен салыштырганда кыргыз журналдарынын сапаты жөнүндө;

 

Уюштуруучу:

Кыргыз-Россия Славян университети

Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.
2001-жылдын 16-февралындагы № 437  Каттоо тууралуу күбөлүк.

ISSN 1694-500Х (басылма түрү)
ISSN 1694-6839 (электрондук түрү)

 

КР ЖАКтын президиумунун 2022-жылдын 29-декабрындагы №588 токтомуна ылайык журналга 16 балл ыйгарылган.

Импакт-фактор - 0,212

DOI: 10.36979

 

КРСУнун Жарчысы 2001-жылдан тартып ай сайын чыгат. 2015-жылдан тартып журнал 4 багыт боюнча басылып чыгат:

  1. Табигый жана техникалык илимдер (физика-математика илимдери,  техника илимдери, энергетика, курулуш жана архитектура, жер жөнүндө илим)
  2. Социалдык-экономика илимдери (экономика илимдери, юридика илимдери, саясат таануу илимдери, социология илимдери )
  3. Гуманитардык илимдер  (тарых илимдери жана  археология, философия илимдери, филология илимдери, психология илимдери, педагогика илимдери)
  4. Медицина (клиникалык медицина, профилактикалык медицина, медицина-биология илимдери).

Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертациянын негизги жыйынтыктарын жарыялоо үчүн бардык багыттар Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына сунушталган.

Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан сунушталган багыттар

Эл аралык мамилелердин саясий маселелери, ааламдык жана аймактык өнүгүү (саясат таануу илимдери)

Ата Мекен тарыхы  (тарых илимдери),

Илимдин жана техниканын тарыхы (тарых илимдери),

Эл аралык мамилелердин жана тышкы саясаттын тарыхы  (тарых илимдери)

 

Журналды индексациялоо

«КРСУнун Жарчысы» журналы Россиялык илимий цитаталоо индексинде (РИНЦ) катталган