РИНЦте катталган

Илимий редакторлор жана бастырып чыгаруучулар ассоциациясынын декларациясы

         Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясынын «Илимий жарыялоолордун этикалык принциптери» аттуу декларациясы «Эл аралык деңгээлдеги илимий басылма -2016: басма этикасынын,жарыялоолордун рецензиялоонун жана даярдоонун көйгөйлөрү» аттуу бешинчи эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өткөн Илимий редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясынын жалпы чогулушунда кабыл алынган, Москва шаары, 2016-жылдын 20-майы.

         1. Бул Декларация  Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясы тарабынан илимий жарыялоолор чөйрөсүндө редакциялардын, редакторлордун, рецензенттердин, бастырып чыгаруучулардын жана авторлордун жүрүм-турумун жөнгө салуучу этикалык принциптердин  жыйындысы катары иштелип чыккан. Декларациянын тексти бүтүн документ катары пайдалануу үчүн арналган, анын ар бир өзүнчө жобосу башка колдонулуучу жоболорун эске алуу менен колдонулушу керек.

2. Илимге жана жарыялоо процессине катышкан адамдар Декларациянын принциптерин сактоого, ошондой эле Жарыялоо этикасы боюнча комитеттин (Committee on Publication Ethics (COPE)) жана башка редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын эл аралык бирикмелеринин сунуштарын эске алууга умтулушат.

3. Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясынын максаты илимий коомчулукта жарыялоо этикасы боюнча так маалыматты калыптандыруу, этикага жатпаган жүрүм-турумду ачык сындоо жана жалпы эле илимдин өнүгүшүнө тоскоол кылган «таштандыга айланган» жарыялоолорду жарыялоого алып келген кандайдыр-бир кызматташуудан толук баш тартуу болуп эсептелет.

Негизги принциптери:

4. Редакциянын этикалык нормалары. Журналдын редакциялык командасы өзүнүн ишмердигинде илимийлүүлүк, объективдүүлүк, кесипкөйлүк, адилеттүүлүк принциптерин жетекчиликке алат.

5. Этикалык нормаларды сактоо жоопкерчилиги. Изилдөөчүлөр, авторлор, редакторлор, рецензенттер жана бастырып чыгаруучулар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоодо жана жайылтууда этикалык милдеттенмелерди сакташат.

6. Авторлор менен пикир алышуу нормалары. Авторлор менен өз ара аракеттенишүү адилеттүүлүк, сылыктык, объективдүүлүк, чынчылдык жана ачык-айкындык принциптерине негизделет.

7. Рецензиялоо институтунун болушу. Редакциялык жана жарыя түрүндөгү материалдан башка журналдын бардык мазмуну милдеттүү түрдө көз карандысыз эксперттер тарабынан рецензияланууга тийиш.

8. Жарыялоолорго жеткиликтүүлүк. Журналдар материалдарды өлкөнүн  алдыңкы китепканаларында  жана илимий маалыматтардын репозиторияларында сактоону камсыз кылуу менен, жарыялоолорго жеткиликтүү болууга кепилдик берет. 

9. Маалыматтык ачык-айкындуулук.  Басылманын Интернеттеги бетинде жарыялоо этикасы жана рецензиялоо жөнүндө жобо жарыяланган, анда журналдын саясаты, кол жазмаларды тапшыруу эрежеси, авторлор үчүн нускама жана материалдарга жеткиликтүүлүк жөнүндө маалымат (эркин жеткиликтүүлүк же жазылуу боюнча) так чагылдырылган. Сөзсүз түрдө ISSN, басылманын дареги көрсөтүлөт.

10. Акы төлөнүүчү кызматтар тууралуу маалымат. Журналдын редактору тарабынан бекитилген тигил же бул формада акы төлөнүүчү кызматтар боло турган болсо, алар тууралуу бардык маалыматтар так, түшүнүктүү жазылат жана журналдын сайтында жеткиликтүү болот. Эгерде журнал акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтпөсө, бул дагы басылманын сайтында көрсөтүлөт.

11. Авторлуктун этикалык критерийлеринин сакталышы. 1. Эмгекти жазууга, анын концепциясын, илимий дизайнын иштеп чыгууга, материалды топтоого, талдоо  жүргүзүүгө жана интерпретациялоого олуттуу деңгээлде катышкан адам автор болуп эсептелет. 2. Эмгекти жарыялоого бардык авторлордун макулдугу сөзсүз түрдө керек. Бардык авторлоштор ушул критерийлерге шайкеш келиши керек. 

12. Макаланын акыркы тексттин автор менен макулдашуу. Автордун атынан макаланы жарыялоо автордук укуктун пайда болушун билдирет. Автор менен макулдашылбаган текстти жарыялоо авторлоштордун катарына башка адамды киргизүү менен барабар болуп,  автордук укукту бузгандык катары эсептелет.

13. Редакция тарабынан чечим кабыл алуу мөөнөтү. Редакторлук чечимди кабыл алуу чектелген мөөнөттө ишке ашырылат жана басылманын сайтында, авторлор үчүн нускамада так жана конструктивдүү формада баяндалат.

14. Илимий жана кесиптик бирикмелер менен өз ара аракеттешүү. Редакциялар илимпоздордун эмгектеринин жогорку сапатын камсыз кылуу максатында кесиптик илимий ассоциациялар жана тармактык коомчулук менен  өз ара аракеттешүүгө умтулушат. 

15. Этиканын бузулушуна жол бербөө жана оңдоо. Илимий редакторлордун милдети авторлордун, рецензенттердин же илимий тексттердин жаралуу процессине катышкан башка субъекттердин  этикалык эмес жүрүм-турум жасаган кырдаалдарга жол бербөө, ошондой эле илимий мейкиндиктен ынтасыз иштелген жарыялоолорду алып салууну камсыз кылуу, этика боюнча кеңеш жана илимий ассоциациялар менен кызматташуу.

16. Кызыкчылыктардын кагылышы. Редакторлор кызыкчылыктардын кагылышына алып келе турган өнөр жай жана финансы уюмдары менен мамилени ачык айтууга чакырышат.  Бардык каржылоо булактары авторлор тарабынан макалада көрсөтүлүшү керек.

Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясы илимий жарыялоолор жаатында төмөнкүлөрдү этикага жатпаган жүрүм-турум катары тааныйт:

17. Авторлорго карата өзүлөрүнүн макалаларына өз алдынча рецензия алып келүү талабы, ошондой эле келишимдик жана жалган рецензиялоо. Мындай практика журналда рецензиялоонун жоктугун билдирет. 

18. Агенттик кызматтарды сунуштоо.  Авторлорго «башынан аягына чейин жарыялоону даярдоо» кызматын сунуштоо, автордун атынан редакция менен кат алышуу,  рецензенттин сунушу боюнча агент тарабынан макаланын аягына чейин иштеп чыгуусу, акы төлөнүүчү рецензияларды даярдоо.

19. Авторлош болууну сатуу, авторлош болууну белек кылуу, авторлордун курамын өзгөртүү. Авторлордун катарына изилдөөгө интеллектуалдык салым кошпогон адамдарды көрсөтүү автордук укукту жана этиканын нормаларын бузгандык болуп эсептелет, анткени мунун өзү окурмандарды алдоо гана болбостон, алдамчылык катары бааланат.

20. Сырттан өтүлдү деген «илимий» конференциялардын материалдарын жарыялоо. Анткени мындай конференцияларды практикалоо илим жаатында түздөн түз махинация жана алдамчылык менен байланышкан, мындай конференциялардын материалдарын жарыялоо этикага туура келбеген, жалган илимий тексттерди жайылтууга көмөк көрсөтүү катары бааланат.

21. Авторлордун макулдугусуз макаланын тексттерин  башка журналдарга берүү. Автор менен макулдашылбаган журналда макаланы жарыялоо автордук укуктарды бузуу болуп эсептелет.

22. Авторлордун материалдарын үчүнчү жактарга берүү. Редакцияга жөнөтүлгөн макалалардын материалдарын рецензенттерден жана редакциянын кызматкерлеринен башка үчүнчү жактарга берүү автордук укукту бузуу жана редакциялык процесстердин купуялуулук принциптерин бузуу болуп эсептелет. 

23. Цитата келтирүү менен менен манипуляциялоо.  Илимий ченемдерин индекстерин атайылап жогорулатуу, ашыкча өзүн-өзү цитаталоо жана достук цитатаны колдонуу, анча маанилүү эмес шилтемелер окурмандарды адаштырат жана алдамчылык катары түшүндүрүлөт.

24. Плагиат, фальсификация жана фабрикация.  Редакция макалалардын тексттери менен дыкаттык менен иш алып барат, өзүнүн басылмасында сапатсыз, плагиатты, маалыматтарды фальсификациялоону жана фабрикациялоону камтыган  илимий жарыялоолордун болушуна жол бербейт. 

Этика боюнча кеңеш

Ушул Декларациянын алкагында координациялык жана консультациялык орган болуп Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясы тарабынан түзүлгөн Этика боюнча кеңеш эсептелет.

Декларация Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясынын Этика боюнча кеңеши тарабынан иштелип чыкты:

Кулешова А.В., Кочетков Д.М., Абрамов Е.Г., Абалкина А.А., Беляева Д.А., Касьян А.С., Малешин Д.Я., Носов Д.М., Репецкая А.Л., Ростовцев А.А., Филиппов Ю.И., Шишлакова О.С. Декларацияны иштеп чыгууга Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясынын президенти О.В. Кириллова катышат.