РИНЦте катталган

Автордук келишим

Чыгарманы пайдаланууга өзгөчө эмес укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

АВТОРДУК КЕЛИШИМ

 

 20___ -жылдын “___” _________

 

_________________________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________________________

(Аты-жөнү, кызмат орду, уюм)

 

мындан ары «Автор (авторлоштор)» деп аталуу менен, бир тараптан, жана Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемеси Кыргыз-Россия Славян университети  Уставдын негизинде иш алып баруучу ректор Нифадьев Владимир Иванович аркылуу «Басып чыгаруучу» деп аталуу менен экинчи тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:   

 

1. Келишимдин предмети

1.1. Автор (авторлоштор) «Кыргыз-Россия Славян университетинин жарчысы» илимий журналында Басып чыгаруучуга чыгарманы (мындан ары «Макала») пайдаланууга өзгөчө эмес укуктарды берет (берет). Макаланын аталышы:

_________________________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________________________

 

1.2. Макаланы пайдалануу ушул келишим менен шартталган чекте ишке ашырылат.

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. Ушул келишим боюнча Автор (авторлоштор) Басып чыгаруучуга төмөнкү укуктарды берет (беришет):

2.1.1. Журналдын курамдык чыгарылышында басма жана электрондук түрдө көбөйтүү, жайылтуу, которуу, санариптештирүү жана андан ары жайылтуу, жалпы маалымат үчүн үчүнчү жактарга берүү укугун;

2.1.2. Автор өткөрүлүп берилген макаланы «КРСУнун жарчысы» журналынын редакциясынын макулдугусуз башка басылмада толук же жарым-жартылай жарыялабоого милдеттенме алат;

2.1.3. Университеттин http://vestnik.krsu.edu.kg сайтына жана Электрондук Россиялык илимий китепкананын www.elibrary.ru серверине жана башка маалымат базаларга жайгаштырылган  Журналдын версиясында Макаланын көчүрмөсүн алуу укугун;

2.1.4. Макаланы жарыкка чыгаруу укугун, анын ичинде элге жарыялоо укугун;

2.1.5. Жайылтуу максатында импорттоо жана экспорттоо укугун;

2.2. Макаланы тиешелүү автордук мыйзамдын жоболорун сактоо менен коммерциялык эмес максатта гана милдеттүү түрдө авторлордун атын жана көчүрүп алуу булагын көрсөтүп көчүрүүгө, цитата келтирүүгө жол берилет, Макаланын көчүрмөлөрүндө автордук укук жөнүндө маалыматтар сакталышы керек.

2.3. Пайдалануу аймагы – ушул журналдын басма жана электрондук версияларында кыргыз, орус жана англис тилдеринде чектелбейт.

2.4. Автор (авторлоштор) өздөрүнүн жеке маалыматтарын (иштеген жерин, кызмат ордун, байланыш телефонун, E-mail) берет (беришет), аларды жеткиликтүү ачык жарыялоого уруксат берет (беришет).

2.5.  Макаланы колдонууга мүмкүнчүлүк берүү акысыз негизде ишке ашырылат.

2.6. Автор (авторлоштор) анын (алардын) Макалага карата укуктары бар экендигине жана ушул уруксаттын шартында «КРСУнун жарчысы» журналында Макаланы пайдалануу үчүнчү жактардын укугунун бузулушуна алып келбестигине кепилдик берет (кепилдик беришет).

2.7. Макаланы жарыялоо үчүн калем акы белгиленбейт.

 

3. Укуктар берилген мөөнөт жана аймак

3.1. Ушул келишим боюнча укуктар ___________________ (күнү) тартып белгисиз мөөнөткө берилет.

3.2. Ушул келишим боюнча укуктар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн аймагында жана Интернет тармагында берилет.

 

4. Тараптардын жоопкерчилиги

4.1. Тараптардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

5. Талаштарды чечүү

5.1. Тараптар ортосунда пайда боло турган жана аталган келишимдин текстинде өзүнүн чечилүү жолун таппаган маселелер боюнча бардык талаштар жана пикир келишпестиктер колдонуудагы мыйзамдын жана иштиктүү салттын негизинде сүйлөшүү жолу менен чечилет.

5.2. Талаш маселелер сүйлөшүүлөр процессинде жөнгө салынбаган учурда талаштар сот тартибинде чечилет.

 

6. Корутунду жоболор

6.1. Ушул келишим тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана мөөнөтсүз иштейт.

6.2. Ушул келишимде каралбаган бардык учурларда тараптар колдонуудагы мыйзамдарды жетекчиликке алат.

6.3. Ушул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгер алар жазуу жүзүндө түзүлсө, тараптар кол коюгон шартта жарамдуу болот.

6.4. Тараптар өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча келишимди бузууга укуктуу.

6.5. Келишим эки нускада тараптардын ар бири үчүн бирден түзүлдү.

 

7. Тараптардын даректери жана реквизиттери

БАСЫП ЧЫГАРУУЧУ:

 

ЖКББ МББМ Кыргыз-Россия Славян университети

Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көч., 44

 

 

 

 

 

 

 

РЕКТОР

_________________ В.И.Нифадьев                                   

            (Кол тамгасы)     

АВТОР:  ⃰⃰

Аты-жөнү_________________________________

Дареги: индекс_____________________________

_________________________________________

Туруктуу иштеген жери: ____________________

__________________________________________

Телефон (үй, иш.) __________________________

Уюлдук тел._______________________________

e-mail: ___________________________________

 

АВТОР

____________________________________

  (Кол тамгасы)                  (Аты-жөнү)              

⃰ Эгер макалада бир нече автор болсо, анда алардын баары аталган келишимге кол коюшат.