РИНЦте катталган

“КРСУнун жарчысы” илимий журналында макалаларды териздөөгө талаптар

“КРСУнун жарчысы” журналы илимий макалаларды, басылмаларга рецензияларды, оригиналдуу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыган илимий билдирүүлөрдү жарыялайт. Журналга жайгаштрылуучу болжолдуу рубрикалар: табигый жана техникалык илимдер (физика-математика илимдери, техника илимдери, энергетика, курулуш жана архитектура, жер жөнүндө илим), социалдык-экономикалык илимдер (экономика илимдери, юридика илимдери, педагогика илимдери, саясат таануу, социология илимдери), гуманитардык илимдер (тарых илимдери жана археология, философия илимдери, филология илимдери, психология илимдери), медицина (клиникалык медицина, профилактикалык медицина, медициналык-биологиялык илимдер).

Сунушталган материалдар ушул талаптарга ылайык таризделиши жана журналдын тематикалык багытына жооп бериши керек. Кол жазмалар журналдын редакциялык кеңеши тарабынан рецензияланат. Макаланы жарыялоо жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн анын автору журналдын редакциясына төмөнкү материалдарды бериши керек:

1. Автордун (авторлордун) кол тамгасы менен басылып чыгарылган нускасын, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөрдө (“docx” форматындагы Flash-дискте). Башка шаарлардагы авторлор үчүн vestnik@krsu.edu.kg электрондук почтасына жөнөтүү же http://vestnik.krsu.edu.kg/ дареги  боюнча КРСУнун жарчысы маалымат порталына жайгаштыруу жетиштүү;

2. Макаланын башында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

– Универсалдуу ондук классификация (УОК) боюнча номери;

– 2 же 3-деңгээлдеги тематикалык рубрикатор (3 рубрикага чейин);

– макаланын  орус, англис, кыргыз (кыргызстандык авторлор үчүн) тилдеринде толук аталышы;

– автордун (авторлордун) фамилиясы жана аты, атасынын аты орус, англис тилдеринде;

– орус тилиндеги аннотация, түйүндүү сөздөр;

– англис тилиндеги аннотация, түйүндүү сөздөр;

– кыргыз тилиндеги аннотация, түйүндүү сөздөр (кыргызстандык авторлор үчүн);

Аннотация негизги теманын кыскача мүнөздөмөсүн, илимий макаланын көйгөйүн, иштин максатын жана анын жыйынтыктарын камтышы керек. Аннотацияда аталган макала тематикасы жана максаттуу багыты боюнча окшоштор менен салыштырганда өзүндө кандай жаңычылдыкты алып жүргөнү көрсөтүлөт, адабиятка шилтемени, аббревиатураларды жана кыскартууларды камтыбашы керек.

– түйүндүү сөздөр (10 сөздөн көп эмес). Түйүндүү сөздөр “КРСУнун жарчысы” журналынын илимий багытын жана макаланын негизги мазмунун, изилдөөнүн предметтик багытын чагылдырышы; жалпыдан жекеликке карай орун алышы, аталышынын жана аннотациянын терминдерин кайталабашы керек.

Автор (авторлор) жөнүндө маалыматтар макаланын аягында төмөнкү форма боюнча берилиши керек: аты-жөнү толугу менен; илимий даражасы, кызмат орду жана наамы; автордун (авторлордун) иштеген жери орус жана англис тилинде; шаардын коду менен байланыш коду; e-mail. Илимий мекеменин (институттун, ЖОЖдун) аталышы ушул мекемеде кабыл алынган аталышка шайкеш келиши керек;

3. Илимий макалада төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:

– маселенин коюлушу, анын актуалдуулугу жана илимий жаңылыгы;

– коюлган маселени  талдоо;

– маселени чечүү боюнча авторлордун сунуштары;

– корутундулар, күтүлгөн натыйжа;

– колдонулган адабият. Макаланын тексттинде адабияттарды атоо тартибинде жайгаштыруу.

Макаланын тексти чакан бөлүмчөлөрдөн турушу керек: киришүү, актуалдуулугу, материалдар жана изилдөө методдору, корутунду, ыраазычылык (изилдөөнү каржылык колдоо болсо).

Техникалык талаптар

  • Макаланын көлөмү компьютердик терүү менен 10-15 барак (Times New Roman шрифти, 14-кегль, интервалы 1,5).
  • Текст даана кара шрифт менен А4 стандарттуу форматындагы (210×297 мм) ак кагаздын бир жагына басылыш керек; барактардын четтери: жогорку жана төмөнкү жагы – 2 см, сол жагы 3 см, оң жагы – 1,5 см.
  • Графикалык материал (фото, сүрөттөр, графикалар, схемалар, анын ичинде сканерден өткөрүлгөндөр да) графика форматында берилет.
  • Бардык формулалар Math Type формулалар редактору менен терилиши керек.
  • Макаланын аталышы – ортого баш тамгалар, кара шрифт, 14-кегль менен үч вариантта: орус, кыргыз жана англис тилдеринде.
  • Автордун фамилиясы, аты, атасынын аты (инициалдары) – макаланын аталышынан кийин (орус жана англис тилдеринде). Макаланын аягында аты-жөнү толугу менен, ошондой эле илимий даражасы, наамы, кызмат орду, уюмдун аталышы, байланыш маалыматтары (телефон, e-mail).
  • Аннотация (орус, кыргыз жана англис тилдеринде, компьютердик котормого жол берилбейт). Аннотация 100–250 сөз көлөмүндө болушу керек, адабияттарга шилтемелерди, аббревиатураларды жана кыскартууларды камтыбашы керек.
  •  Түйүндүү сөздөр орус, кыргыз жана англис тилдеринде (10 сөздөн көп эмес).
  • Текст, таблицалык жана графикалык материал, адабияттардын тизмеси “Журналдардагы жана жыйнактардагы макалалар” Р 7.0.7–2021 МамСТнын талаптарына ылайык таризделет. Библиографиялык шилтемелер жана шилтемелер “Библиографиялык шилтеме” Р 7.0.5–2008 МамСТ боюнча таризделет.
  • Каалагандай өз алдынча цитата келтирүү жана бир автордун же авторлордун бир нече жолу цитатасын келтирүүгө жол берилбейт жана негизсиз катары алынып салынууга тийиш (мурда жарыяланган изилдөөнүн башталышына шилтемеге, же окшош шилтемеге (2ден көп эмес) артыкчылык берилет).
  • Чет элдик авторлордун – изилдөөнүн темасы боюнча адистердин эки же андан ашык шилтемесин цитата келтирүү сунушталат (түп нуска тилинде, журналдардагы макалалардан алынса андан жакшы).
  • Акыркы 5 жылда басылып чыккан адабияттан 30 % цитата келтирүү сунушталат. Жеткиликсиз, мажбурлаган жана чындыкка дал келбеген шилтемелерди цитата келтирүүдөн алыс болуңуздар. Интернет тармагынан алынган маалыматтарга шилтеме жасоодо иштин аталышы, маалыматтын биринчи булагынын электрондук дареги жана кайрылган күнү тегерек кашаа менен көрсөтүлөт. Мисалы: иштин аталышы, URL: http://www.lib.krsu.edu.kg/ (кайрылган күнү 19.05.2019).
  • Жалган илимий, илимий эмес жана илимий-популярдуу булактардан (брошюралардан, гезиттерден, сөздүктөрдөн, окуу жана окуу-методикалык колдонмолордон, маалымдамалардан), ошондой эле жаңылыктар түрмөгүнөн жана блогдордон, эгер ал изилдөө логикасы менен негизделбесе, цитата келтирүү сунушталбайт. Зарыл болгон учурда, тексттин өзүндө шилтемелерди сактоого болот.
  • Макаланын текстиндеги цитата булактарына шилтемелер МАМСт боюнча колдонуу тартибинде чарчы кашаага коюлат.

Макала санга кабыл алынганы тууралуу кабарламадан кийин автор редакцияга чыгарманы пайдаланууга өзгөчө эмес укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө толтурулган автордук келишимди эки нускада жөнөтүшү керек. Келишимдин тексти “КРСУнун жарчысы” сайтына жайгаштырылган.

Журналдын редакциясы буга чейин жарыяланбаган гана кол жазмаларды: макалаларды, котормолорду, архивдик булактардан жарыялоолорду, сереп салууларды, рецензияларды ж.б. кабыл алат. Бардык макалалар милдеттүү түрдө “Антиплагиат” программасы боюнча текшерүүдөн өтөт.

Макалалардын тексттеринин талап кылынган түп нускалуулугу 70%дан кем болбошу керек.

Автордун (авторлордун) мурун жарыяланган иштеринен үзүндүлөрдү кеңири кайталоолору – жарыялоодон баш тартууга негиздердин бири.

Редакцияга кол жазманын басып чыгарылганын жана файл түрүндөгү текстти берүү менен автор эки варианттын тең окшоштугуна жооп берет. Басма макаланын негизги мазмунун бурмалабай редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Жарыяланган материалдардын авторлору келтирилген фактылардын, цитаталардын, жеке аттардын жана башка маалыматтардын тандалышы жана тактыгы, ошондой эле ачык жарыялоого жатпаган маалыматтардын мазмуну үчүн жооптуу.

Жогоруда аталган эрежелер жана талаптар аткарылбаган учурда редакциялык кеңеш макаланы карап чыгуудан баш тартууга укуктуу.