РИНЦте катталган

Редакциялык саясат

  • КРСУнун жарчысы журналынын максаты жана милдеттери
  • Журналдын сериялары жана чыгуу графиги
  • Кол жазмаларды берүү боюнча колдонмо
  • Рецензиялоо тартиби
  • Жарыялоо этикасы

Максаты жана милдеттери

 

Журналдын максаты жана милдеттери: илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын ыкчам жарыялоо, университеттин жетишкендиктери менен коомчулукту тааныштыруу.

Журнал университеттин, илимдин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча материалдарды; сереп салуучу жана методологиялык макалаларды; илимий макалаларга рецензияларды, монографияларды жана жыйнактарды; илимий сессиялар, конференциялар жана башка өлкөнүн жана университеттин илимий жашоосундагы окуялар тууралуу кыскача билдирүүлөрдү жана отчетторду жарыялайт. Материалдар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланат.

Журнал окутуучуларга, адистерге, аспиранттарга жана илимдин, техниканын жана маданияттын жетишкендиктерине кызыккандардын баарына арналат.

Журнал чекене сатуу жана жазылуу жолу менен жайылтылат.

Журналдын толук электрондук версиясы КРСУнун китепканасынын www.lib.krsu.edu.kg
жана Россиянын илимий электрондук Elibrary.ru сайттарына жайгаштырылат.


Журналдын сериялары жана чыгуу графиги


2015-жылдан тартып журналды чыгаруу төмөнкү 4 серия боюнча ишке ашырылып келет:

1. Табигый жана техникалык илимдер (физика-математика илимдери, техника илимдери, энергетика, курулуш жана архитектура, жер жөнүндө илим).

2. Социалдык-экономикалык илимдер (экономика илимдери, юридика илимдери, педагогика илимдери, саясат таануу, социология илимдери).
2 Гуманитардык илимдер (тарых илимдери жана археология, философия илимдери, филология илимдери, психология илимдери).
4. Медицина (клиникалык медицина, профилактикалык медицина, медициналык-биологиялык илимдер).

РФ ЖАК сунуштаган багыттар

Эл аралык мамилелердин, глобалдык жана регионалдык өнүгүүнүн саясий көйгөйлөрү (саясат таануу),

Ата мекендик тарых (тарых илимдери),

Илимдин жана техниканын тарыхы (тарых илимдери),

Эл аралык мамилелер жана тышкы саясат тарыхы (тарых илимдери).

 

Журналдын чыгуу графиги

 

Кол жазмалар журналдын чыгуу графигине ылайык тиешелүү серия чыгарылганга чейинки  айдын 15ине чейин кабыл алынат. Басмага белгиленген мөөнөттөн кечигип келген кол жазма жүзүндөгү макаланы тез арада жарыялоо баасы 50 %га жогорулайт.


“КРСУнун жарчысы” журналынын басмасына жарыялоого кол жазмаларды берүү боюнча колдонмо

 

Ушул колдонмо “КРСУнун жарчысы” журналынын басмасына кол жазмаларды берүү алгоритмин жана ыкмаларын жөнгө салат.

Кол жазмаларды берүү төмөнкү ыкмалар менен ишке ашырылат:
1. “КРСУнун жарчысы” журналынын Маалымат порталына (http://vestnik.krsu.edu.kg/) катталуу жана нускамага ылайык кол жазманы жөнөтүү.
2. Кол жазманы талаптарга ылайык тариздөө жана кол жазманы vestnik@krsu.edu.kg электрондук дарегине жөнөтүү.
3. Кол жазманы талаптарга ылайык тариздөө жана кол жазманы атайы 720000, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 44, № 020 кабинет дареги боюнча КРСУнун басмасына берүү.

Кол жазманы КРСУнун жарчысы журналына жарыялоого жөнөтүү менен автор КРСУнун басмасына бардык интеллектуалдык укугун өткөрүп берет.

Айрым учурларда автор автордук келишимди жүктөп алып, ага кол коюп, (vestnik@krsu.edu.kg) электрондук почтасына сканерден өткөрүп жөнөтүшү керек болот.


Рецензиялоо тартиби

 

1. Басмага келип түшкөн бардык макалалар милдеттүү тартипте көз карандысыз рецензиялоодон өтөт.

2. Журналдын басмасына келип түшкөн илимий макаланын кол жазмасы жооптуу катчы тарабынан журналдын профилине, жарыяларга, тариздөөгө карата талаптардын негизги жоболоруна шайкештиги боюнча каралат (макаланы тариздөөгө талаптарды караңыз).

3. Макаланын келип түшкөндүгү жана анын статусунун андан ары өзгөрүлүшү жөнүндө маалыматты авторлор электрондук почтага келген билдирүүлөр аркылуу билишет.

4. Илимий журналга төмөнкүлөрдү жарыялоого жол берилбейт:

- мурун жарыяланган материалды камтыгын макалаларды;

- оригиналдуулугу 70 %дан төмөн болгон макалаларды;

- журналдын макалаларын тариздөө талаптарын сактабай таризделген макалаларды;

- рецензенттин жөндүү эскертүүлөрүн аткарбаган же аларды негиздүү жокко чыгарбаган авторлорун макалалары.

5. Журналдын жооптуу катчысы макаланы бир же, зарыл болгон учурда, эки рецензентке жөнөтөт. Макалалардын кол жазмасын рецензиялоого рецензент катары журналдын редакциялык кеңешинин мүчөлөрү да, жогорку квалификациялуу окумуштуулар жана башка уюмдардын конкреттүү илимий багыт боюнча терең профессионалдык билимге жана иш тажрыйбасына ээ адистери да тартылышы мүмкүн.
6. Рецензиялоо мөөнөтү 15 күндөн 30 күндү түзөт.

7. “Эки тараптуу сокур” рецензиялоо: авторго рецензент (рецензенттер) жөнүндө маалыматтар айтылбайт жана тескерисинче. Автор рецензияны рецензенттин колу жана фамилиясы, кызмат орду, иштеген жери көрсөтүлбөгөн түрдө алат.

8. Эгер рецензент макаланы оңдоо жана жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуштарды көрсөтсө, журналды жооптуу катчысы авторго макаланын жаңы вариантын даярдоодо аларды эске алуу же аларды негиздүү (жарым-жартылай же толук) жокко чыгаруу сунушу менен рецензиянын текстин жөнөтөт.

9. Кайра иштелип чыккан кол жазмага авторлор бардык эскертүүлөргө жоопторду камтыган жана макалага киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү түшүндүргөн катты тиркеши керек (өзүнчө файл менен жана макаланын тексти боюнча өзгөртүүлөрдү түстүү бөлүп көрсөтүү керек). Автор тарабынан жеткире иштелип чыккан (кайра иштелип чыккан) макала кайрадан рецензиялоого жөнөтүлөт, ага рецензентке жооп тиркелет. Макаланын Басылмага келип түшкөн датасы болуп жеткире иштелип чыккан макаланы кайтарып келген дата саналат.

10. Эгер автор редакциянын эскертүүлөрүн эске албаган же каалабаган учурда редакция макаланы четке кагуу укугуна ээ.

11. Рецензент тарабынан жарыялоого сунушталбаган кайрадан карап чыгууга кабыл алынбайт.

12. Кол жазмага же анын кайра иштелип чыккан вариантына терс рецензия болгон учурда мындай чечимдин себептери жөнүндө милдеттүү түрдө авторго кабарлоо менен макала четке кагылат.

13. Журналдын редакциялык кеңеши тарабынан макаланы жарыялоого уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин журналдын жооптуу катчысы бул тууралуу авторго кабар берет жана жарыялоонун мүмкүн болгон мөөнөтүн көрсөтөт.

14. Макала жарыялоого кабыл алынган учурда жооптуу катчы авторго жарыялоонун баасы жана Басманын реквизиттери көрсөтүлгөн төлөм документин жөнөтөт. Жарыялоо авторлор, ЖОЖдор, илимий жана башка уюмдар тарабынан, анын ичинде гранттык каражаттардын эсебинен төлөнүшү мүмкүн. Автордун талабы боюнча жарыялоону тастыктаган бардык зарыл документтер: келишимдер, актылар, эсептер, маалымкаттар берилет.

15. Макалаларды жарыялоонун кезектүүлүгү алардын Басмага келип түшкөндөгү

каттоо датасы менен аныкталат. Илимдин эң актуалдуу көйгөйлөрүнө,, ошондой эле принциалдуу жаңы маалыматты камтыган иштер редакциялык кеңештин чечими боюнча кезексиз жарыяланышы мүмкүн.
16. Рецензиялар журналдын басмасында 5 жылдан кем эмес сакталат. Басма авторлор менен макалаларды маңыздуу талкуулабайт, илимий макалалардын жазылыш методикасы жана таризделиши боюнча кат алышпайт жана макалаларды зарыл болгон илимий-методикалык дэңгээлге чейин жеткирүү менен алектенбейт.


Жарыялоо этикасы


Жарыялоо үчүн жөнөтүлгөн макалалар КРСУнун жарчысы журналынын жарыялоо этикасына жооп бериши керек.