РИНЦте катталган

Жарыялоо этикасы

 «КРСУнун Жарчысы» журналынын жарыялоо этикасы.  Илимий абройду сактоо маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен, «КРСУнун Жарчысы» журналынын бардык тематикалык сериялары (мындан ары – Журнал) өзүнүн ишинде Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясы (Россия) тарабынан кабыл алынган (Илимий  редакторлордун жана бастырып чыгаруучулардын ассоциациясынын «Илимий жарыялоолордун этикалык принциптери» аттуу декларациясы) жарыялоо этикасынын принциптерин колдойт, ошондой эле Илимий жарыялоолордун этикасы боюнча комитеттин (CommitteeonPublicationEthics) сунуштарында чагылдырылган жарыялоо этикасынын принциптерин жана ченемдерин сактайт.  

1-берене. Журналдын этикасы:

1.1. «КРСУнун жарчысы» журналында материалдарды жарыялоо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

1.2. Журнал мурда жарыяланган материалдарды, анын ичинде жарым-жартылай жана чет тилдериндеги материалдарды кабыл албайт.

1.3. Журнал берилген рецензия боюнча жана илимий этиканын ченемдерине шайкеш келген Журналда кабыл алынган критерийлерге, ошондой эле төмөнкү юридикалык талаптарга ылайык   жарыялоого материалдарды тандоону ишке ашырууга милдеттенет: ушак-айыңга, автордук укуктук бузулушуна жана плагиатка  жол бербөө.

1.4. Журнал жарыялоого келип түшкөн материалдарды автордун расасына, жынысына, этникалык келип чыгышына, жарандыгына, саясий жана диний көз караштарына карап терс мамиле кылбоо принцибине негизделип  баалоого милдеттенет.

1.5. Журнал жарыялоого берилген материалдарга рецензия түзүү үчүн жогорку квалификациялуу эксперттер менен камсыз кылууга милдеттенет.

1.6. Журнал материал келип түшкөн учурдан тартып эки айдын ичинде кош рецензиялоону ишке ашырууга жана материалды жарыялоо, четке кагуу же кайра толуктап иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу  чечим кабыл алууга милдеттенет.

1.7. Журнал материалды жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынган учурда типографиядан номердин болжолдуу чыгуу мөөнөтү тууралуу авторго кабарлоого, ал эми материалды четке кагуу же толуктап иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алганда – бул чечимди негиздөөгө милдеттенет.    

1.8. Терс рецензия жазылган учурда журнал автордун талабы боюнча бастырып чыгаруудан баш тартылган материалга авторлугу көрсөтүлбөгөн рецензияны берүүгө милдеттенет.

1.9. Журнал жарыялоого келип түшкөн материалдарды атайын плагиатка текшерүү системасында текшерүүгө милдеттенет.

1.10. Журнал келип түшкөн же мурда жарыяланган материалдарга карата этикалык мүнөздөгү негиздүү даттануулар келип түшкөн учурда төмөнкүдөй чара көрүүгө милдеттенет: Журналды башкаруу органдары менен даттанууну карап чыгуу, талкуулоо, оңдоо, төгүндөө же тиешелүү билдирүүнү жарыялоо.

1.11. Журналдын редакциясы макалаларды ретракциялоо процедурасын жүргүзүүгө укуктуу. Ретракция – бул Журналга берилген материалдарды төмөнкү учурларда алып салуу катары түшүндүрүлөт: 1) макалада берилген маалыматтарда фабрикация же  фальсификациялоо фактылары аныкталганда  2) негизделбеген (маңызы, көлөмү боюнча) плагиат аныкталганда. Ретракция макаланын үстүнөн редакциялык мүнөздөгү иш жүргүзүү процессинде да, ошондой эле кол жазма жарыялангандан кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн (эгерде жогоруда аталган фактылар тууралуу кийин белгилүү болгон учурда). Мындай учурда макаланы ретракциялоо журналдан жана расмий сайттан, ошондой эле макала жүктөлгөн илимий маалымат базасынан алынып жүргүзүлөт.   Тиешелүү маалымат Журнал тарабынан ретракция процедурасы жүргүзүлгөн номерден кийинки санда жарыяланат.

1.12 Журнал берилген материалдар тууралуу маалыматты автордон, рецензенттерден, поттенциалдык рецензенттерден, басылманын кызматкерлеринен башка кимдир-бирөөгө бербөөгө милдеттенет. 

 1.13. Журнал жарыялоого жиберилген материалдарды редакторлордун, рецензенттердин же башка кол жазма менен иштөө үчүн тартылган башка кызматкерлердин өздүк эмгектеринде пайдаланбоого милдеттенет.  

1.14. Журнал кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда жарыялоого берилген материалдарды карап чыгуудан баш тартууга, ошондой эле автордон кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу маалымат берүүнү талап кылууга милдеттенет.

1.15. Журнал илимий дискуссияларды колдойт жана оппоненттердин көз карашын   чагылдырууга мүмкүндүк берет.

1.16. Журнал редакциялык кеңештин курамы алмашканда мурдагы курамдын материалды жарыялоо жөнүндө чечимин күчүндө калтырат.   

            2-берене. Автордук этика:

2.1. Журналга жарыялоо үчүн берилген материалдардын автору өзүнүн изилдөөсүнүн актуалдуулугун аргументтеши керек жана материалда келтирилген жетишилген жыйынтыктарды тастыктоочу маалыматтардын тактыгына жана изилдөөнүн объективдүүлүгүнө кепилдик бериши керек;

2.2. Автор Журнал тарабынан кабыл алынган талаптарга ылайык башка авторлордун цитаталарын тариздөө менен, берилген материалынын өзгөчөлүгүнө кепилдик бериши керек;

2.3. Автор берилген материалдарда илимий плагиаттын жоктугуна кепилдик бериши керек;

2.4. Автор жарыялоого берилген материал бир эле мезгилде башка журналдарга берилбегендигине кепилдик бериши керек;

2.5. Автор жарыялоого берилген материалда изилдөөгө салым кошкон бардык адамдардын аттарын жарыялоого, же алардын аттарын авторлоштордун катарына киргизүүгө, же болбосо материалдын беттеринде аларга ыраазычылык билдирүүгө кепилдик бериши керек;

2.6. Автор жарыялоого берилген материалдардын акыркы варианты менен бардык авторлоштордун макулдугун алууга кепилдик бериши керек;  

2.7. Авторго жарыялоого берилген материалдарда изилдөөнүн финансылык колдоо булагын көрсөтүү сунушталат.

2.8. Автор жарыялоого берилген материалдарда табылган каталар тууралуу ошол замат журналга билдирүүгө тийиш.

            3-берене. Рецензенттин этикасы

Эксперттик баалоого катышкан рецензент төмөнкүлөргө милдеттүү:

 3.1. Жүйөлүү сын-пикирлерди берүүгө жана макаланы баалоо боюнча төмөнкү объективдүү илимий критерийлерди жетекчиликке алууга: изилдөөнүн журналдын багытына шайкеш келиши, илимий жаңылыгы, изилдөөнүн жыйынтыктарынын толуктугу жана тактыгы, актуалдуулугу, аныктамалардын жана туюндурмалардын маанилүүлүгү жана тактыгы, стили, корутундулар. 

3.2. Объективдүү жана адилеттүү чечим чыгарууга;

3.3. Купуялуулукту сактоого, редакциялык кеңеш тарабынан автордун кол жазмасы менен иштөөгө ыйгарым укук берилген адамдардан башка адамдар менен эмгекти талкуулоого жол бербеши керек;

3.4. Рецензиялоонун жүрүшүндө алынган маалыматты жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланбашы керек.

3.5. Эгерде рецензенттин көз карашы боюнча рецензияга берилген материалды карап чыгуу үчүн анын квалификациясы жетиштүү эмес болсо же кол жазманы карап чыгуу мөөнөтү бузулган учурда, редакциялык кеңешке билдирүүгө жана кол жазмага экспертиза жүргүзүү процессинен баш тартууга тийиш.  

3.6. Конкреттүү фактылардын негизинде чечим чыгарат жана өзүнүн чечимине далил келтирет.  

3.7.  Кол жазманын кайсы бир эмгек менен олуттуу же жарым-жартылай окшоштугуна, ошондой эле ушул же башка авторлордун мурда жарыяланган башка эмгектеринде жоболорго шилтеменин, корутундунун же аргументтин жоктугу фактысына   редакциялык кеңештин мүчөлөрүнүн көңүлүн бурат.

3.8. Макаланын сапатын жогорулатууда авторго көмөк көрсөтөт.

3.9. Жарыяланбаган кол жазманын материалдарын өзүнүн изилдөөсүндө колдонбоого милдеттүү.